КӨЗҮ ӨТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Кадала кароо, тиктөө, тигиле кароо, кызыгуу. Баланын көзү комуздан өтүп баратты (Каимов). Паризек ага назар салбай, эки көзү кыздан өтүп баратат (Ашымбаев). Байымбет аркы текчедеги китептерден көзү өттү (Бейшеналиев). 2. Каза табуу, өлүү, көз жумуу. Адамдын көзү өткөндө, жок экен кайтып келүүсү (Үсөнбаев). Көп кишилер назили наркы бар-жогун ченебей мартабалуу көрүнөм деген далалат менен жүрүп көзү өтүп кетип жатпайбы (Айтматов).